АКШныкы деп шектелген пилотсуз учактын чабуулунан пакистандык уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймакта кеминде 15 жаран набыт болду. Пакистандын чалгындоо кызматынын маалымдашынча, ракета Түндүк Вазирстандын Шера Тала районунда автоунаага тийген. “Ал-Каидачылар” менен талиптер түнөк кылган бу аймакты АКШнын пилотсуз учакары соңку учурда тез-тез бомбалоодо. Бул аймакка быйыл пилотсуз уактар 110 жолу сокку урган. Бул былтыркыдан дээрлик эки эсеге көп.