Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Жаныш Бакиев Кыргызстанга келип кеткени тууралуу маалымат бар


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев Тажикстан тараптан Ошко, Жалал-Абадга жана Бишкек шаарына чейин келип кеткен деген маалыматтар бар. Бирок аны кармоо аракеттери азырынча өз жыйынтыгын бербей келатат. Анткени мурдагы президенттин жакындары, көздөй адамдары мурдатан күч органдарына сиңип кетишкен жана алар дагы да болсо Бакиевдерге жардам берип келатышат деген шектенүүлөр бар.

Жаныш Бакиев 7-апрелдеги кандуу окуяда башкы айыпкерлердин бири катары сотто иши каралып атат. Ал 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG