Казакстандын мусулмандар кеңеши жана Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча мусулмандар комитети Кыргызстандын президент Роза Отунбаеваны өтүп бараткан жылдын мыкты мамлекеттик ишмери деп аташты. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча мусулмандар комитетинин маалымат кызматы билдирди. Бул билдирүүдө Роза Отунбаева демократиялык оппозициянын башында туруп авторитардык, коррупциялык бийликти кулатканы, өлкөнү жарандык согуштун туткунунан коргоп калганы айтылат.
“Кыргызстан – Борбор Азиянын үмүтү. Бул жаңы тажрыйба талкаланып калабы же дүйнөдө жаңы өнүгүү жолундагы өлкө пайда болобу, мунун баары чөлкөмдөгү саясий процесстерден көз каранды. Роза Отунбаева өлкөсүндө бийликтин бир колго топтолушуна жол берген жок. Азиядагы өзүнүн жеке бийлигин, диктатураны орнотууга умтулган саясатчылардан айырмаланып, ал дүйнөгө такыр башкача мамлекеттик ишмердин үлгүсүн көргөзүүдө. Андыктан 2011-жылы Казакстандын мусулмандар кеңеши жана Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитети Роза Отунбаеваны тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтөт жана аны колдоо үчүн дүйнө коомчулугуна, казакстандыктарга кайрылат”,- деп жазылат маалыматта. (IJz)