Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Казакстанда Р.Отунбаеваны Нобел Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгеси чыгууда


Казакстан мусулмандар биримдиги 2011-жылы Р.Отунбаеваны Нобел Тынчтык сыйлыгына көрсөтүүгө камынууда.Бул тууралуу CA-NEWS маалымат агенттиги жазып чыкты.

Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча мусулман комитети жана Казакстандын мусулмандар союзу Кыргызстандын президенти Р.Отунбаеваны өтүп бараткан жылдын эң мыкты мамлекеттик ишмери катары атады.

Алар тараткан маалымат баракчасында «Кыргызстандагы демократиялык оппозицияны башкаруу менен Р.Отунбаева мамлекеттик бийликти коррупциялашкан жетекчиликтен арылтып, өлкөнү жарандык согуштан сактап калды. Кыргызстандагы мындай көрүнүштүн уникалдуулугу - Борбор Азияда жеке адамга сыйынуу менен деспотизмге баш ийбеген биринчи жолу демократиялык мамлекетти куруу аракетин байкап жатабыз», деп айтылат. Р.Отунбаева бийликтин бир колго топтолушун жок кылып, дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттик ишмердин жаңы үлгүсүн көрсөтүп жатканы кошумчаланат.

Аталган уюмдар Казакстандын жалпы коомчулугуна кайрылып, бул демилегени колдоого чакырат.

XS
SM
MD
LG