Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Москвада жарадар болгон кыргызстандык жаран дарыланууда


Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын Москва шаарында 20-декабрь күнү кечке маал Жанарбек Бегматов аттуу кыргызстандык жаран көчөдө кар тазалап иштеп жүргөндө белгсиз эки адам келип пневматикалык курал менен атып кеткен. Тез жардам келип Ж. Бегматов шаардагы №1 клиникалык ооруканын көз оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду, кылмышка тиешелүү адамдарды издөө жүрүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги иликтөөнүн жүрүшүнө байкоо салып, жабыркаган кыргызстандык жаранга жардам көрсөтүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG