Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Москвадагы соттун өкүмүн АКШ менен Германия сынга алды


Ак үйдүн билдирүүсүндө ЮКОСтун мурдагы теңэгелери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевге каршы козголгон экинчи кылмыш ишин караган сотто мыйзам эрежелери бузулганына камтамачылык айтылат. "Буга окшогон иштер адам укуктарын сактоо жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу жагынан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууда Россиянын аброюна терс таасирин тийгизет", -деп айтылат мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун билдирүүсүндө. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле процесс көптөгөн суроолорду пайда кылганын белгилеп, аны Россиянын модернизация жолундагы "керагар" кадамы деп баалады. Ходорковский менен Лебедев ири өлчөмдө мунай уурдаганы жана акча адалдаганы үчүн он төрт жылга кесилди. Сот айыптоо өкүмүн угузууну улантып жатат.

XS
SM
MD
LG