.Москвадагы сот процессине байланыштуу Вашингтондо жана Евросоюздун бир катар борборлорунда жасалган билдирүүлөрдү орус тышкы иштер министрлиги четке какты. "Ходорковский менен Лебедевге каршы козголгон кылмыш Россиядагы сот системасынын карамагындагы маселе, ага кысым жасаганга эч кимдин укугу жок",- деп айтылат министрликтин таркаткан маалыматында.