Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

“Люстрация” тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Люстрация” элдик кыймылынын төрагасы Иманбек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, азыр аталган кыймылдын баардык аймактарда өкүлчүлүктөрү түзүлүп, люстрация тууралуу мыйзам долбоорлорун талкуулаган жыйындар өткөрүлүп жатат. Кыймылдын түштүк аймагы боюнча өкүлү Кубаныч Маматкеримовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, азыр бул жаатта үч мыйзам долбоор бар. Бирөө президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевге, экинчиси “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановго, үчүнчүсү “Люстрация” кыймылына таандык. Түштүктө үч облуста бул мыйзам долбоорлор талкууланып, элден түшкөн пикир-сунуштардын баары чогултулуп Бишкекке алынып келинди. 10-январда Ош шаарында чоң жыйын болот. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да чакырылууда.

Кыргызстанда “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамдын зарылдыгы апрель окуяларынан бери эле байма-бай айтылып, атүгүл азыр кол топтоо сыяктуу айрым аракеттер башталды. Бул мурунку бийликтердин тушунда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке аралаштырбоонун бирден-бир чарасы катары кабыл алынып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG