Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Жарандык коом ЖКда диний жөрөлгөлөргө шарт түзүүнү айыптоодо


Бир катар жарандык жана бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңеште жума намаз маалында үч саатка тыныгуу жарыялоо, намазканаларды уюштуруу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Билдирүүдө Кыргыз Республикасы Баш мыйзамга ылайык динден тыш мамлекет экени, эч бир дин мамлекеттик боло албасы эскертилген. Ошондой эле салык төлөөчүлөр ар кайсы динди тутунары, же эч бир конфессияга таандык эместиги белгиленип, ушундан улам парламентте кайсы бир диндин жөрөлгөсүн аткаруу үчүн атайын шарт түзүү мыйзамсыз, деп айтылат. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков парламентте намазканаларды ачуу демилгеси көтөрүлүп жатканын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG