Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Сотто У. Барктабасов баш болуп кармалгандарга айыптар угузулду


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке мурдагы талапкер, “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баш болгон он беш кишини айыптары менен тааныштырды. У. Барктабасовдун жактоочусу Жаманкул Жунусов “Азаттыкка” айыпталып жаткандардын бирөөсү да күнөөлөрүн мойнуна алган жок, деп билдирди. Бүгүнкү процессте дагы бир жактоочу Акин Токталиев ишти карап жаткан судьяга ишенбөөчүлүк билдирип, процессти Ысык-Ата райондук сотуна которуу боюнча арыз келтирди. Бирок башка жактоочулар эгер мындай которуу болсо ишти кароо узакка созулуп кетерин айтып каршы болушту. Ж. Жунусов сотко күбө катары Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүн, жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси, азыркы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди чакыруу боюнча сунуш келтирди. Сот бул суроону азырынча ачык калтырды.

Эмки сот жараяны 5-январда болот.

Урмат Барктабасов 4-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган. У. Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда да “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ал да издөөдө жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG