Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Кубада өлүм тизмесиндеги жалгыз адамдын жазасы өзгөртүлдү


Кубанын Адам укуктары комиссиясынын өкүлү Элизардо Санчестин билдиришинче, өлкөнүн Жогорку соту бүгүн киши өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына кесилген айыпкердин жазасын 30 жыл түрмө мөөнөтү менен алмаштырды. Бул сот ушул айда дагы эки кишинин жазасын 30 жылдык мөөнөткө өзгөрткөн эле. Бүгүнкү өкүм Кубанын өлүм тизмесинде эч ким калган жок дегенди билдирет. 16 жылдан бери абакта отурган Хумберто Эладио Реал Суарез киши өлтүрүп, бийликти кулатуу үчүн куралдуу кыймыл уюштурууга аракеттенген деген айып менен соттолгон.

XS
SM
MD
LG