Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

“Кыргызгаз” жетекчилиги бүгүн газ маселеси боюнча Ташкенге барат


“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги бүгүн Ташкенде кийинки жылы сатылып алынчу газдын баасын бекитүү маселесин сүйлөшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын жетекчисинин орун басар Нурбек Жалидинов билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап Өзбекстанга кийинки жыл үчүн газдын баасын арзандатууну сунуштайт.

Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүндөгү жана Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстан газдын миң куб метрин 140 доллардан алууга ниеттенүүдө. 2010-жылы болсо ушундай эле өлчөмдөгү газды Кыргызстан 240 долларга сатып алып турган. Салыштыруу иретинде айта кетсек, Казакстан ушундай эле өлчөмдөгү газды Өзбекстандан 83 гана долларга сатып алат. (IJz)

XS
SM
MD
LG