Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 11:51

WikiLeaks: Ассанждын тарапкерлеринин вебсайтына кол салуу болду


Интернеттеги «Аноним» деген аталыштагы чуулгандуу Ассанждын тарапкерлеринин түзгөн вебсайт бир суткадан бери үзүл-кесил иштеп, андагы тиркелген документ, сүрөттөр ачылбай жатат.

«Аноним» тобу интернеттеги каракчылардын жардамы менен дүйнөлүк алкактагы Visa, Mastercard, Amazon сыяктуу белгилүү корпорациялардын вебсайттарына кирип, алардын иштөө тартибин иреттен чыгарып турган.

«Анонимдин» иштеп чыгып калышынын себебин аталган компаниялар Жулиан Ассанждын тарапкерлеринин сунуштарын кабыл алып, кызматташууга барбай койгону үчүн уюштурганы айтылууда. Азырынча «Аноним» тобунун артында ким турат белгисиз.

XS
SM
MD
LG