Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын кароо 3-январга жылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, Санжар Бакиевдин жаңы адвокаты иш менен таанышып бүтө электигиние байланышттуу Чүй облустук сотундагы бүгүнкү процессти 3-январга жылдырууну суранды.С. Бакиевдин буга чейинки жактоочусу Рыспек Нагаев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын ордуна Болот Назарбаев жактоочулук кыла баштаган. Ушундан улам С. Бакиевге коюулуп жаткан бардык айыптар боюнча материалдар менен таанышып чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. С. Бакиев өзүнө коюлган айыптар менен макул болгон эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG