Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Ош шаарында көп кабаттуу үй тургундарга берилет


Кабарчыбыздын маалымдашынча, бүгүн түштөн кийин шаардагы “Манас-Ата” кичи районунда 5 кабаттуу 75 батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылат. Батирлер негизинен быйыл июнь коогалаңында жабыркагандарга, буга чейин үйү жок жүргөндөргө берилет. Азыр шаардагы “Достук” кичи районунда да көп кабаттуу эки үй курулуп жатат. Бүгүн Ошто алгачкы жолу бийик, 16 кабаттуу үйдү куруу иштери башталат.
Ош шаарында турак-жай маселеси курч турат. Ноябрь айында жүздөгөн адамдар шаардын жанындагы Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарына таандык үлүш жерлерди басып алууга аракет жасашкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG