Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

600дөй гана имаратта майыптар үчүн шарт бар


Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикте коомдук жайларды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташтыруу маселеси боюнча жыйын өттү. Аталган агенттиктин өкүлү Мирбек Акматалиевдин маалымдашынча, азыр өлкөдө майыптардын арабасына оңтойлоштурлган жалпысынан 600гө жакын объект бар. Жаңы курулуп жаткан 1,5 миңдей имараттын долбоорунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарт түзүү каралган. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 124 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт жана алардын 9 миңи өз алдынча басып жүрө албайт. Кечээ депутаттар Жогорку Кеңештин имаратын майып адамдарга ылайыкташтыруу боюнча токтом кабыл алышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG