Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Орусияда быйыл 37 адам скинхеддердин колунан өлгөн


Дагы 368 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн ичинде 16 адам - Борбор Азиядан келгендер. Бул тууралуу Москвадагы “Сова” укук коргоо борбору бүгүн жарыялаган докладында билдирди. Анын эксперттеринин айтымында, чет-өлкөлүктөргө чабуулдар өзгөчө Москвада жана Санкт-Петербургда көбүрөөк катталган.

Докладдын авторлорунун бири Галина Кожевникова “Азаттыкка” айтканына караганда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны азайганы менен, коомдо “Орусия орустар үчүн!” деген ураанды колдогондор көбөйдү.

"Улутчулдардын курмандыктары азайганын биз укук коргоо органдары активдүү иштей баштаганы менен байланыштырып жатабыз, - деди эксперт. - Бирок, тилекке каршы, коомдун маанайында өзгөрүү жок. Акыркы сурамжылоолорго караганда, азыр скинхеддерди колдогондордун саны 50% ашты. Бул – диагноз".

Орусияда кырма баш улутчулдардын саны он миңдеп саналаары айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG