Алдын ала маалыматтарга караганда, андан эч ким жабыркаган жок. Полиция имараттан адамдарды чыгарып кеткенге үлгүргөн. Сотко кире бериште дүрмөттөлгөн мотоцикл жарылып кеткени айтылууда. Жарылууга 45 мүнөттөй калганда белгисиз бирөөлөр эки гезиттин журналисттерине телефон чалып, теракт болоорун айтышкан. Грек полициясы муну солчул радикалдардан көрүп жатат.