Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

АКШда жумушсуздардын саны кыскарууда


Акыркы эки жылда жумушсуздук үчүн жөлөк пул сурап кайрылгандарын арызы минималдуу көрсөткүчкө жетти, бул болсо өлкөнүн эмгек рыногу кризистен чыга баштаганынан кабар берет.

Эмгек министрлигинин билдирүүсүндө жөлөк пулга арыз бергендердин саны 34 миңге азайып, азыр алардын саны 388 миң кишини түзөт. Бул эксперттер болжолдогон көрсөткүчтөн алда-канча төмөн.

Мындай көрсөткүч эмгек рыногунда орундардын көбөйгөнү менен түшүндүрүлөт, ал эми жумушчу орундар болсо экономикалык өсүш менен түздөн-түз байланыштуу. АКШда мамлекеттен колдоо алган жумушсуздардын жалпы саны 9 миллиондун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG