Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Орусия эл аралык коомчулуктун кайрадан сынында



Москвалык соттун ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский менен анын бизнес-өнөктөшү Платон Лебедевди 13,5 жылга түрмөгө кескен өкүмүнөн кийин орус бийлиги кайрадан сынга кептелет.

Аларга мунай уурдаган жана арам акчаны адалдаган деген негизде күнөө тагылган. Айыпталгандар экөө тең 2003-жылдан бери түрмөдө отурушат. Ошондон берки убакыт да эсепке алынаары айтылды. Демек, Ходорковский менен Лебедев дагы алты жылдан ашыгыраак убакыт түрмөдө отурушмакчы.

Кечээги сот жыйында айыптоочунун далилдерин мыйзамдуу деп тапканын билдирди. Ходорковский менен Лебедевдин адвокаттары өкүмгө каршы экендиктерин, аппеляциялык арыз жазышаарын айтышты.

XS
SM
MD
LG