ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Өзбекстандан келчү газдын баасы бычыла элек

Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап Өзбекстанга газдын 1 миң куб метрин 140 доллардан берүүнү сунуштап жатат. Расмий Ташкент болсо жаңы жылдан тарта 2010-жылдагы газдын 240 доллар деген баасынан 10-15 доллар гана ылдыйлатып бере турганын айткан. “Кыргызстан азырынча бааны дагы ылдайлатууну сунуштап жатат, газ тууралуу сүйлөшүүлөр жаңы жылдан тарта да улантылат, бирок өлкөдө көгүлтүр отунду берүү үзгүлтүккө учурабайт”, -дейт Т. Кулмурзаев. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG