Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Ошто коопсуздукту күзөтүүгө элдик кошуун да тартылат


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Ош шаарында абал тынч, көчөлөрдү милиция кызматкерлери катуу күзөтүүдө. Кечинде тартип коргоо органдарына элдик кошуундун өкүлдөрү жардамдашмакчы. Ош шаарында коопсуздуктун айынан жаңы жылды көчөлөрдө жапырт чогулуп майрамдоого, тарсылдактарды жана салюттарды аттырууга таптакыр тыюу салынган. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдө террористтик актыларды уюштуруу коркунучу жогору экенин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG