Австралиянын Сидней шаарына 2011-жылды тосуу үчүн жүз миңдеген адамдар жыйналды. Ал жерде Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Жаңы жылга арналып, дүйнөдөгү эң кымбат фейерверк атылары күтүлүүдө. Ал үчүн Сиднейдин бийликтери 5 миллион доллар сарпташыптыр. Азияга түн ортосу жакындап калгандыктан Жаңы жылды тосууга Кытай, Жапония, Түштүк Кореянын тургундары да даярданышууда. Бирок Мьянма деген мамлекетте аскерий өкмөт Жаңы жылда фейерверк атууга тыюу салды. Эгер кимдир бирөөлөр тарсылдактарды сатса же колдонсо жазага тартыларын эскертти. Чыгыш Азиядан соң Жаңы жылды Түштүк жана Борбордук Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, андан соң Европанын, акырында барып Америка континентинин эли тосот. АКШда Нью-Йорктун борбордук Таймс Сквер аянтына бир миллиондой адам чогулары күтүлүүдө.