Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Орусия эл аралык сынга кабылды


Ал бул ирет мурдагы мунай олигархы Михаил Ходорковскийди дагы алты жылга түрмөдө калтырган сот чечими үчүн сынга алынууда. Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму сот өкүмүн “Орусияда мыйзам үстөмдүгүнө урулган сокку” деп атады. Өкүмдү АКШнын жана Европанын өкмөттөрү да айыпташты жана бул Ходорковский премьер- министр Путинге жана анын өнөктөштөрүнө каршы саясий оппозицияда тургандыгына байланышта болуусу мүмкүн экенин ишара кылышты.

Орусиянын бир кездеги эң бай адамы жана ЮКОС мунай компаниясынын ээси Михаил Ходорковски кечээ ишкер өнөктөшү Платон Лебедев менен бирге мунай уурдаган жана арам акчаны адалдаган деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул алардын экинчи ирет соттолушу болду. Жаңы өкүмдүн күчү Ходорковски алгач камалган 2003-жылдан тарта эсептелгендиктен, ал абакта 2017-жылга чейин калат. Ходорковски менен Лебедевдин адвкокаттары бүгүн жаңы өкүмгө каршы баштапкы аппеляциялык арызын жолдоого үлгүрүштү. Орусияда эртеңден баштап, 10-январга чейин дем алыш болот.

XS
SM
MD
LG