Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин жаңы баяндамасында айтылат. Анда белгиленгендей, коопсуздук кызматтары адам укуктарын айоосуз бузушууда. Саясий көз карашы боюнча жикчилерди колдогон миңдеген адамдар камакта жана алардын тышкы дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындай жагдай өзгөчө жикчилдердин туруму күчтүү Белужистан провинциясына тиешелүү. Баяндамада айтылгандай, АКШнын Мамлекеттик департаменти адам өлтүрүүлөрдү жана уурдоолорду токтотуу, аймакка гуманитардык уюмдарын кирүүсүн камсыздоо үчүн Пакистан бийликтерине жогорку деңгээлде кысым көргөзүүдө.