Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 1-январдан баштап муфтияттын администрациясында иштеген бардык кызматкерлер жумушунан бошотулуп, аттестациядан өтө башташат. Алар муфтиятта иштей билүү мүмкүнчүлүгү, билими текшерилгенден кийин гана кайрадан кызмат ордуна келе алышат. Бул сынак 20-январга чейин созулуп, ага чейин кызматкерлер убактылуу гана милдеттерин аткарып турушат. Иш-чара мусулмандар башкармалыгын реформалоо иш-аракеттеринин алкагында жүргүзүлүп жатат.
Муфтияттын администрациясында эмгектенген кызматкерлердин деңгээлин муфтий Чубак ажы Жалилов жана муфтияттын уставдык долбоорун иштеп чыккан бир катар эксперт-технологдор текшермекчи. Ушул тапта муфтиятта 31 адам иштейт. (KKs)