Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

2-январда жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 2-январда жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус суук, Талас аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5 градус суук, Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -12…-17 градус суук болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус суук, күндүз 5…7 градус суук болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG