Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Жаңы жыл түнү тез жардамга күндөгүдөн көп кайрылуу түштү


1-январга караган түнү Бишкек шаардык тез жардам борборуна 616 кайрылуу түштү. Борбордун башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул күнүмдүк кайрылуулардан кеминде 20-25 пайызга көбүрөөк. Негизинен тургундардын көбү сасык тумоо, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк оорулары менен тез жардамга кайрылышкан. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерди ичип уулангандар, баш ооруп тез жардам чакырткандар көп болгон. Учурда тез жардамга кайрылган тургундардын дээрлик бардыгына тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү. Жаңы жыл майрамында Бишкек шаары боюнча тез жардам кызматында жалпысынан 34 топ иштеди. (KKs)

XS
SM
MD
LG