Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Эки айда Токтогул суу сактагычындагы суу 1 млрд. 141 млн. куб метрге азайды


“Электр станциялары” АКнан маалымдашкандай, ушул тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 18 миллиард 220 миллион куб метрди түзүп жатат. Эки ай мурда суу сактагычта 19 млрд. 361 млн. куб метр суу бар эле. Натыйжада ноябрь айынан бери суунун көлөмү 1 миллиард 141 миллион куб метрге азайды.

2009-жылдын ушул маалында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 704 миллион, 2008-жылы 8 миллиард 367 метрди түзүп турган. 2010-жылдын жай, күз мезгилинде суунун көлөмү көбөйүп, суунун көлөмү 19,5 млрд. куб метрге чейин жеткен эле. Акыркы эки жылда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып кетиши өлкөнү энергетикалык кризиске алып келип, кышкы убакытта Кыргызстанда электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп турган. (KKs)

XS
SM
MD
LG