Ирандык Мохаммади Аштиани айым бүгүн Тебриз шаарында журналисттер менен кездешип: "Мени тынч койгулачы. Эмнеге силер мени шерменде кылып жатасыңар?” деди. 43 жаштагы Аштиани айым никесиз эркек менен жашаган деп айыпталып, былтыр өлүм жазасына тартылган. Бул окуя Батыш коомчулугун кыжаалатка салып, коомчулукта катуу сынга алынган.