Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Германиялык белгилүү инсандар Иранга кайрылуу жасады


Германиялык таанымал 100 инсан, анын ичинде өлкөнүн тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Иран өкмөтүнө кат жолдошуп, эки немис журналисттин абактан бошотууну талап кылышты. Алар 10-декабрда Мохаммади Аштиани айымдын жалаасы боюнча камака алынган. Никесиз эркек менен жашады деп, өлүм жазасына тартылган 43 жаштагы Сакине Аштиани “абалымды оорлотуп жатат” деп, бийликке арызданган кийин немис журналисттери абакка отургузулган. Анын алдында журналисттер Аштианинин уулу Сажжад Гадерзадеден интервью алганы кабарланган. Сажжад да кийинчерээк абакка салынып, ноябрда 43 миң доллар күрөө төлөнүп, түрмөдөн чыгарылган.

XS
SM
MD
LG