Беш кишиден турган команда Европада үч кубок үчүн: Франция менен Швейцарияда, ал эми Испанияда дүйнөлүк чемпионатта таймашууга бүгүн жөнөп кетти. Кыргызстандык сноубордисттер Тимур Губаев менен Владимир Комиссаров Түркияда 1-февралда өтчү Универсиадага да катышат. Топтун машыктыруучусу Эркин Усубалиевдин айтымында, алатоолук спортчулардын жакшы орундарга илинүүгө мүмкүнчүлүгү чоң. Анын айтымында, сноубордисттер соңку айлары жумасына алты күн бою машыгып жатты. (EBM)