Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Германиянын белгилүү инсандары Иранга ачык кат жолдошту


Германиядагы 100 ашуун белгилүү адамдар Ирандан немис журналисттерин бошотууну суранышты. Ал адамдардын арасында немис тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле да бар. Алар кечээ Иран өкмөтүнө ачык кат жөнөтүп, анда 10-октябрь күнү камакка алынган эки немис журналистин бошотууну суранышты. Ал журналисттер Иранда “ойноштукка барган” деп өлүм жазасына өкүм кылынган аял Сакинех Аштианинин уулу менен интервью жасашкан. Аштиани кечээ ал журналисттер тууралуу сүйлөп, “Алар менин абалымды андан бетер курчутуп жиберишти” деп наарызылык билдирген.

XS
SM
MD
LG