Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Газ боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы газ сатып алуу келишими тууралуу сүйлөшүүлөр ушул аптада уланмакчы. Кийинки аптада газдын ушул жыл үчүн бычылган баасы аныкталып калуусу ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Нурбек Жалидинов билдирди. Анын айтымында, газ маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн жылдын соңуна чейин бүтпөй калган. Эми сүйлөшүүлөр дагы 1-2 жумага созулушу мүмкүн.

“Кыргызгаздан” билдиришкендей, кыргыз тарап ырасмий Ташкенди газды арзан сатууга көндүрүүгө аракет кылууда. Маалыматтарга ылайык, ырасмий Бишкек газдын миң куб метрин 140 доллардан сатып алууга ниеттенүүдө. 2010-жылы Кыргызстан ушундай өлчөмдөгү өзбек газын 240 доллардан сатып алып турган.

Салыштыруу иретинде айта кетсек, коңшу Казакстан ушул эле газды Өзбекстандан 83 гана доллардан сатып алат. (IJz)

XS
SM
MD
LG