Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Санжар Бакиевдин соту 11-январда уланат


Бүгүн Бишкек шаарындагы аскер сотунун имаратында Жалал-Абад облустук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганы Санжар Бакиев баштаган айыпталуучулардын апелляциялык арызын карады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Санжар Бакиевдин жактоочуларынын бири Бүбүайша Арстанбекова билдирди. Маалыматка ылайык, сот процесси маалында айыпталуучулар көрсөтмө беришти. Алар тагылган айыптарды моюнга албай тургандыктарын айтышууда.

Айыпталуучуларга карата массалык башаламандыктарды уюштурган, атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгон деген айыптар тагылууда. Санжар Бакиевди Жалал-Абад шаардык соту күнөөлүү деп таап, 10-жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу мындай чечимге макул болбой, жогорку инстанцияларга арыз менен кайрылган.

Бүбүайша Арстанбекова “Азаттыкка” билдиргендей, жактоочулар “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонушкан” деген айыптын негизинде Бектур Асанов баштаган Жалал-Абад облусунун бийлик өкүлдөрүн сотко алып келүүнү суранышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG