Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Аба ырайы


4-январда карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда айрым жерлерде кар жаайт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14 даража суук, күндүз -1…-6 даража болот, Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6 даража суук, Баткенде түнкүсүн -1…-6 даража, күндүз 0…5 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6 даража суук, күндүз 0…5 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн --7…-12, күндүз -9…-14, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -9…-14 даража суук болот.

XS
SM
MD
LG