Москвада оппозициядагы саясатчыларды колдоо иретинде акция-пикеттер өтүп жатат. Эдуард Лимонов, Константин Косякин, Илья Яшин жана Борис Немцов 31-декабрда жарандардын эркин чогулуу укугун коргоп чыкканда кармалышкан. Аларга административдик жаза колдонуп, 5 суткадан 15 суткага чейин камакка алынышкан. Үчөө милицияга баш ийбөө үчүн айыпталса, Лимонов “майда бейбаштык” үчүн күнөөлүү деп табылган. Бүгүнкү пикетке чыккандардын арасында “Солчул майдан”, “Башка Россия”, “Тилектештик” кыймыkдарынын өкүлдөрү бар.