Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Венгрия жаңы мыйзамга байланыштуу сын пикирлерди четке кагууда


Венгрия массалык маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу айтылган сын пикирлерди четке какты. 1-январдан тартып күчүнө кирген жобого ылайык, бийликтеги партиянын өкүлдөрү үстмөдүк кылган өкмөттүк органга макалалардын “моралдык” жагын жана “калыстыгын” баалоого уруксат берилет. Бир катар европалык өлкөлөр бул мыйзамдын жардамы менен бийлик оппозициянын апазын басууга аракеттениши мүмкүн деген камтамасын билдиришүүдө. Венгриянын юстиция министрлиги мыйзамды сындагандар анын мазмуну тууралуу жетиштүү түрдө кабардар эмес, өкмөт оппозициянын мүдөөлөрүн “муунтуну” каалабайт деп билдирди. Өлкө жыл башынан тартып 6 ай Европа биримдигинде төрагалык кылмакчы.

XS
SM
MD
LG