“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев газ тууралуу сүйлөшүүнү улантуу үчүн кайрадан Ташкенге кетти. Жаңы жыл алдында көгүлтүр оттун баасы боюнча кыргыз-өзбек тараптардын бир нече жолку жолугушуусунан майнап чыккан эмес. Кыргызстан газдын баасын арзандатып 1 миң куб метрин 140 доллардан алууну көздөп жатат. Расмий Ташкен болсо быйыл газдын былтыркы 240 доллар деген баасынан 10-15 доллар гана ылдыйлатып бере турганын билдирген. “Кыргызгаз” келишим түзүлгүчө өлкөдө газ үзгүлтүккө учурабайт деп маалымдаган. Жаңы жылга газ тууралуу эки тараптык келишим жок болгондуктан азыр Кыргызстан Өзбекстандан Казакстанга жөнөтүлгөн газдан пайдаланып жатканы айтылууда. (EBM)