Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Филип Кроули буга өкүнүчүн билдирүү менен “адамдар тынч митингдерге чогулууга укуктуу экенине” басым жасады.
“Эркин жыйналуу укугун коргоо Орусиянын да кызыкчылыгына төп келет деп ишенебиз, - деп айтты ал. - Муну орус жетекчилери ачык жолугушууларда айтып эле жүрүшөт, бирок колдонушпайт. Ушул өңдүү камакка алуу фактылары Орусия өзүнө алган милдеттенмелерге да каршы келет”.
Кремлдин негизги сынчыларынын бири Борис Немцов 31-декабрдагы пикетте “милицияга баш ийбегени үчүн” кармалып, 2-январда 15 суткага камалган. Оппозициянын башка дагы үч өкүлү 5 суткадан 15 суткага чейин эркинен ажыратылган. Кечээ аларды колдогон бир топ майда пикеттер өтүп, анда да адамдар кармалып, кийин бошотулушту.