Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларуста ишин улантуу үчүн мандатын узартуу боюнча Минскиде бейрасмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 1-январдан бери ЕККУда жетекчилик милдетин Литва аткарууда. Анын тышкы иштер министри Аудрониус Ажубалис беларус жетекчилиги ЕККУнун бул республикадагы ишинин мөөнөтүн узартпай койгонуна терең өкүнүчүн билдирди. АКШ болсо Беларус бийликтерин уюмдун жергиликтүү өкүлчүлүгүн жаап салышканы үчүн айыптады.
Беларуста декабрда өткөн президенттик шайлоону “демократияга туура келбеди” деп баа берген ЕККУну президент Александр Лукашенко сындаган болчу.
Беларуста декабрда өткөн президенттик шайлоону “демократияга туура келбеди” деп баа берген ЕККУну президент Александр Лукашенко сындаган болчу.