Сөз ар эки жылда алмашылып туруучу мүчөлүк тууралуу болуп жатат. 2011-жылдан тарта Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Германия, Колумбия, Португалия, Түштүк-Африка республикасы жана Индия эки жылга мүчөлүккө кабыл алынышты. Жалпысынан 10 алмашылып туруучу мүчө кеңеште чечим кабыл алуу иштерине катышат. Бирок беш мамлекет гана – Британия, Кытай, АКШ, Орусия жана Франция – Коопсуздук кеңешинде туруктуу мүчөлүккө ээ жана вето укугунан пайдалана алышат.