Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Ош шаарында курал табылды


3-январь күнү Ош шаарынын Гүлистан көчөсүндөгү 29-үйдүн жанына белгисиз бирөөлөр эки башы бүтөлгөн шектүү түтүк таштап кетишкен. Милиция келип ал түтүктү текшере келгенде ичинен куралдар чыккан. Түтүктөн алынган ИЖ-15 маркасындагы он огу менен бир мылтык, 5,6 калибриндеги 15 огу менен бир тапанча жана маркасы аныкталбаган дагы бир тапанча экспертизага жөнөтүлдү. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG