Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Нарын ГЭСинин бөлүм башчысы пара алуу маалында кармалды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Көл шаарында Нарын ГЭСинин бөлүм башчысы Акмат Жалпыевди 41 миң сом өлчөмүндө пара алып аткан маалда кармашты. Учурда ал облустук убактылуу кармоочу абакка отургузулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди.

Анын айтымында, коррупциялык иш-аракеттер тууралуу Нарын ГЭСинде көп жылдар бою иштеп, кылган эмгеги үчүн үй алган Тыйтынбай Аскаровдун кызы Назира Аскарова милицияга билдирген. Нарын ГЭСтин бөлүм башчысы Акмат Жалпыев Т.Аскаровго берилген үйдү анын атына каттап берүү үчүн 50 миң сом талап кылган. Ал талап кылынган сумманын 41 миңин алып аткан маалда кармалган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG