Бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү оор абалдан чыгуу жана бюджетти көбөйтүү максатында иштелип чыккан 30 күндүк, 100 күндүк жана бир жылдык иш-чаралардын планын карашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Премьер-министрдин айтымында, өкмөттүн милдети бул программаны шашылыш түрдө бекитүү эмес, коомчулук бир канча айдан кийин Кыргызстанда жашоо оңолуп баратканын сезе баштагандай деңгээлге жетүү болуп саналат. Антикризистик планда экономиканын кээ бир тармактары үчүн салык төлөмдөрүн алып салуу сыяктуу маселелер көрсөтүлгөн. (IJz)