Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу факты боюнча № 6 төрөт үйүнүн башкы акушери менен кардиохирургия борборунун медайымы кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 1-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы төрөлгөн ымыркайдын кайтыш болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Иликтөө-тергөө тобу аныктагандай, Бишкек шаарында турган 40 жаштагы аялда ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу документтер болгон эмес. Тергөө тобуна ал аял ымыркайды 1 300 долларга 2010-жылдын 31-декабрында сатып алганын айткан. Ал эми ымыркай 28-декабрда төрөлгөндүгү аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, ымыркайдын өз энесин жана өлүмүнүн себебин аныктоо иштери жүрүүдө. Чарчап калган ымыркайдын өз энеси Бишкек шаарына Нарын облусунан келип, боюна бүтүп калган. Төрөгөн соң ал баладан баш тарткан. Кармалган догдурларга адам сатуу беренеси боюнча айып тагылууда. (IJz)