Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Ала-Тоонун бир чокусуна В.Путиндин ысымын берүү сунушун өкмөт башчы колдоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, Чүй облусундагы тоо кыркаларындагы бийик чокулардын бирине Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин ысымын берүү демилгесин Москва райондук кеңеши көтөргөн. Бул демилгени өз кезегинде облустук бийлик жактырган. Эми болсо өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул демилгени колдоп, токтом долбооруна кол койду. Ф.Ниязов билдиргендей, эми бул маселени Жогорку Кеңеш карап чыгуусу керек.

В.Путиндин ысымы берилет делген чоку Москва районундагы Жар-Таш, Ак-Суу дайраларынын боюнда жайгашып, бийиктиги 4500 метрге чейин жетет.

Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” бул демилге тууралуу комментарий берип, Орусия президенти Владимир Путинге Ала-Тоонун бир чокусунун ысымын берүү – саясат экенин белгиледи. Анын пикиринде, В.Путинге мындай урмат-сый көрсөтүп, тоого анын ысымын бергидей ал кишинин эмгеги сиңип деле кеткен жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG