Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Аба ырайы


5-январга карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда айрым жерлерде кар жаайт, бийлик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13 даража суук, күндүз 0…-5 даража болот, Талас облусунда түнкүсүн -8…-14, күндүз -1…-6 даража суук, Баткенде түнкүсүн -1…-6 даража, күндүз 0…5 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6 даража суук, күндүз 0…5 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн --8…-13, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 даража суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -20... -25, күндүз -8... -13 даража суук.

Бишкек шаарында 5-январда түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 даража суук, күндүз -2…-4 даража суук болот.

XS
SM
MD
LG