Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Евробиримдик Беларуска каршы жазана кабыл алышы мүмкүн


Еврошаркеттин лидерлери беларус президенти Лукашенконун бул аймактагы 27 өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуусу мүмкүн. Бул беларус бийлиги президенттик шайлоодон кийинки нааразылыкка чыккандарды ур-токмокко алуу менен 6 жүздөн ашуун кишини камакка алгандан кийинки жазана болмокчу.

2006-жылы Евробиримдик беларус президенти баш болгон 36 мамлекеттик аткаминерге Еврошаркеттин аймагына кирүүгө тыюу салып, аны эки жылдан кийин токтоткон.

Бул ирет Евробиримдик Лукашенконун ал аймакка кирип-чыгышына тыюу салуу менен жакынкы үч жылда Беларуска бериле турган 3 миллиард евронун тегерегиндеги экономикалык көмөктү токтотуп коюушу мүмкүн.

«Рейтер» агенттиги Беларуска каршы жазана 31-январда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG