Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Бүгүн күн тутулганы Европа, Жакынкы Чыгышта даана байкалды


Бүгүн эртең менен байкалган күндүн тутулушу 2011-жылда күтүлгөн төрт мындай кубулуштун биринчиси. Күндүн бетин ай тосуп калганын Европа, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия менен Түндүк Африканын жашоочулары байкай алышты. Муну баарынан даана Швециянын тургундары көрө алышты. Күндүн тутулушу Гринвич убактысы боюнча саат таңкы 6дан 40 мүнөт өткөндө башталды. Бул ирет күндүн бетинин 90% ашыгын ай жаап калганы байкалды.

Адистер болсо күндүн тутулушун атайын көз айнек аркылуу кароону сунуштайт. Ал тургай айрым өлкөлөрдө бул кубулушту байкоого топтор уюштурулуп, алар үчүн атайын шарттар түзүлөт.

Бул жылы жер планетасында 4 жолу күн, 2 ирет ай тутулушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG